• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку Кеңештин депутаты таксистке кол салды деп шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана анын жансакчысы таксистке кол салды деп шектелүүдө. Маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда саат 16:50лөр чамасында "102" кызматына Тоголок Молдо көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде айдоочулардын ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

“Окуя болон жерге Милициянын кайгуул кызматы барып, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө “БМВ” унаасынын 1994-жылкы С.И. аттуу айдоочусун жеткирген. Айдоочу денесине залал келтиргенине байланыштуу Р.М. аттуу адамга жана анын жансакчысына карата арыз жазган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

С.И. аттуу айдоочунун денесине келтирилген залалдын даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий