• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Санжарбек Болотов кореялык адистер менен соода-логистикалык борборлорду курууну талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Санжарбек Болотов кореялык адистери менен соода-логистикалык борборлорду курууну талкуулады.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрдин орун басары Санжарбек Болотов Корея логистикалык борборунун (ECOVICE Co.,Ltd, MMP KOREA, Decem LLC) башкы директору Ким Икжун жана Кореянын Инха университетинин өкүлдөрү менен биргеликте жолугушуусу болуп өттү.

Анда тараптар Кыргызстанда биргелешкен соода-логистикалык борборлорду курууну жана аларды өнүктүрүү келечегин изилдөөнү карашты.

Ошондой эле, тараптар логистикалык өнүктүрүү боюнча кадрларды даярдоо, анын ичинде Инха Корея университетинин логистика жогорку мектебинде (ишкердик башкаруу магистри) магистрдик программа үчүн гранттык техникалык жардам жаатында кызматташууну жолго коюу зарылчылыгына токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий