Кыш мезгилиндеги суук аба ырайына байланыштуу башка мезгилдерге салыштырмалуу республикада курч вирустук оорулардын күч алгандыгы байкалууда. Кышкы каникул аяктап, окуу башталса эпидемиологиялык абалга таасирин тийгизбейби деген да суроо жаралууда. Бул багытта өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана вирустук оорулардан сактануу эрежелери тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева “Кабар” агенттигине маек берди.
- Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кандай, жарандардын тынчсыздануусуна негиз барбы?
- Курч вирустук оорулар жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал стабилдүү деп айтсак болот. Бул жылда ушул убакта кайталануучу вирустук оорулар, жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок. Биздеги акыркы маалымат январь айынын биринчи жумасында ооругандардын саны декабрь айынын акыркы жумасына салыштырмалуу эки эсеге аз катталган.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча, жылдын биринчи жумасында республикада курч респиратордук вирустук инфекциянын – 4 миң 245 учуру жана сасык тумоонун – 16 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 1,9 эсеге төмөн.
Себеби, мектептеги жана бала бакчадагы балдар, көпчүлүк уюмдар эс алууда үйдө болуусуна байланыштуу болууда. Бирок эпидемиологиялык сезон аба ырайынын суук маалы болгон май айынын аягына чейин уланат. Ушул мезгилде өткүр курч вирустук оорулардын деңгээли башка учурларга салыштырганда негизи көбүрөөк катталат.
Ооругандардын көпчүлүгүн жаш балдар түзүүдө, себеби жаш балдардын оорусу күчөп кетпесин деп ата-энелер медициналык жайларга дароо кайрылат. Эпидемиологиялык абалдын кышында курчуганын себеби, вирустук оорулар жугуштуу болгондуктан ооругандар көп учурда бир бөлмөдө, имаратта болуп оору тез жайылууда.
- Курч вирустук оорулардын жана сасык тумоо кайсы түрү көп катталууда?
- Жыл башында сасык тумоонун А түрүнүн Н1N1 түрү көбүрөөк катталды. Ал эми сасык тумоонун В түрү бир-эки учур катталды. Белгилей кетсек, республикада катталган өткүр курч вирустук оорулардын түрлөрү көп. Эң эле көп катталганы респиратордук синцитиалдык вирус 30 пайыздан көп, риновирус 26 пайыз, аденовирус, парагрипптин түрлөрү, сезондук коронавирус катталууда. Ошондой эле пневмовирустун эки учуру катталды.
Негизи бул оорулардын баары жыл сайын, кээде жайында да катталат. Бир гана кышында көп катталганынын себеби адамдарда байланыш көбүрөөк болот. Аба аркылуу же тегерегиндеги ооруган адамдардан жугушу мүмкүн.
- Республиканын кайсы аймактарында ооругандардын саны көп катталууда?
- Январь айынын биринчи жумасына карата өлкөнүн аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бир гана Бишкек, Ош шаарында, Ысык-Көл жана Чүй облустарында ооругандардын саны республикалык көрсөткүчтөн жогору болууда. Аталган шаар, облустарда адамдар көп болгондуктан ооругандардын саны да көбүрөөк катталууда.
- Жакында эс алуу аяктап, окуу башталса эпидемиологиялык абалга таасирин тийгизбейби?
- Биздин департамент мектептеги балдардын окуусун жабыш керек деп сунуш бере албайбыз. Биз мектептеги балдардын ичинен канчасы ооруп сабакка келбей калды ошону да бир жумада бир жолу чогултабыз. Бүгүнкү күндө балдардын арасында өткүр курч вирустук оорулар менен ооруган балдардын саны аз деген маалымат жок. Учурда балдар эс алууда болгондуктан акыркы жумага карата маалымат бере албайбыз. Республика боюнча январ айынын экинчи жумасына карата өткүр курч вирустук оорулардын катталышы боюнча маалымат алдыдагы дүйшөмбү күнү белгилүү болот. Ошого карата январь айынын экинчи жумасына карата эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берилет.
- Вирустук оорулардан сактануу боюнча дарыгер катары кеңеш бере кетсеңиз?
- Эң биринчи кеңешим адам ооруп калбаш үчүн сөзсүз түрдө өзүнүн иммунитетин көтөрүшү керек. Ошондой эле жеке гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл. Эшиктен келгенде колду таза жууп, бөлмөдө ооруган киши болсо тегерегиңдегилерге же өзүңө жуктуруп албаш үчүн бет кап кийүү зарыл. Бет кап да бат эле булгангандыктан ар бир 3 саатта которуп туруу талап кылынат. Андан тышкаары туура тамактануу, таза абада дем алуу, спорт менен машыгуу жана күнүмдүк режимди сактоо иммунитетти чыңдоого жардам берет. Үйдө ооруп калган адам болсо өзүнчө бөлмөгө жаткырып дарылоо менен бирге үйдү желдетип, нымдуу чүпөрөк менен тазалап туруу сунушталат.
Маектешкен Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий