Сауд Аравия Кыргызстандын жарандары үчүн ЖОЖдорунда билим алууга 130 квота бөлөт

Билим 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Сауд Арабия Королдугу 2024-2025-окуу жылына жогорку окуу жайларында билим алууга Кыргызстандын жарандары үчүн 130 орунга квота бөлөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, арызды кабыл алуу 2024-жылдын 28-июлуна чейин уланат.

Сауд Арабиянын университеттери, программалары жана катталуу тартиби жөнүндө маалыматтарды бул сайттан табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий