• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

“Сейтек” борборунда келечектеги лидерлер тарбияланат – Эдил Байсалов

Коом 0

Бишкек, 21.01.25. Кабар/. “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Кыргызстандын келечектеги лидерлери, чыгармачыл инсандары жана жаңычылдары тарбияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган борборго барып, эмгек жамааты менен жолукканда билдирди.

“Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору — биздин жаш муун менен иштөөдөгү эң маанилүү борборлордун бири. Биздин милдет - балдарга өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ачып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн мыкты шарттарды түзүп берүү”, - деди Байсалов.

Ошондой эле Байсалов борбордун инфратүзүмүнүн абалына өзгөчө көңүл буруп, имаратты оңдоп-түзөө жана модернизациялоо маселелерин, ошондой эле жогорку деңгээлде сабактарды өткөрүү үчүн техникалык жабдууларды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бир нече класстарга кирип, бий, хореография жана башка тармактар боюнча өтүп жаткан сабактарга күбө болду. Борбордогу мугалимдер жана окуучулар менен баарлашып, алардын жетишкендиктери, окуу шарттары менен таанышты.

Жыйынтыгында борбордун кызматкерлерине жаш муунду тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, “Сейтек” Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөрдүн таланттарын өнүктүрүүдөгү маанилүү борбор бойдон кала берерине ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, “Сейтек” улуттук борбору - Кыргызстандын балдары менен жаштарынын чыгармачылык жана билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү мекеме. Бул жерде искусство, илим, спорт жана технология сыяктуу ар түрдүү багыттар боюнча сабактар өткөрүлөт. Улуттук борбор өлкөнүн балдары менен жаштарынын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Жыл сайын бул жерде миңдеген окуучулар билим алышат, ал эми программалардын ар түрдүүлүгү ар бир балага өзүнө ылайыктуу багытты тандоого мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий