• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкек шаардык перинаталдык борборунун төрөт бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Бишкек шаардык перинаталдык борборунун төрөт бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жасалган жумуштар менен жеринен барып министр Алымкадыр Бейшеналиев таанышып келди.

Борборго болгон иш сапарынын алкагында министр кош бойлуу аялдарга жана энелерге шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле республикада энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, аларда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи.

Перинаталдык борбордун жетекчилиги капиталдык ремонтко 10 млн сом сарпталганын билдирди. Ошондой эле ара төрөлгөн балдардын ден соолугун турукташтырууга жардам берип, кычкылтек менен камсыз кылгам аппараты коюлганын да белгилешти.

“Биздин борбордо 10 бөлүм бар, ачылгандан бери ремонт иштери жүргүзүлбөй келген. Акыркы жылдары бул иштер колго алынып, кабыл алуу бөлүмү, кош бойлуу аялдардын патологиясы, жаңы төрөлгөн балдардын реанимациясы сыяктуу беш бөлүм капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Быйылкы жылдын эсебинен капиталдык оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражаттын жалпы суммасы 18 млн сомду түздү, анын ичинен 10 млн 100 миң сому төрөт бөлүмүнө, фасадды оңдоого 4,5 млн, тамак-аш кампасына 2 млн сом, андан тышкары майда оңдоп-түзөө иштерине дагы 1,5 млн сом сарпталды. Ошону менен бирге 2023 жылдын ноябрь айынан министрдин буйругу менен электрондук төрөт баяндары киргизилди. Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы да автоматташтырылган системага киргизилип, эне менен балага медициналык жардамдын сапаттуу болушуна көмөк көрсөтүүдө”, - деди Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамила Марипова.

Белгилей кетсек, Шаардык перинаталдык борбор Бишкек шаарындагы эң чоң төрөт үйү болуп саналат, быйылкы жылдын тогуз айында Перинаталдык борбордо 9 миңден ашуун төрөт катталып, алардын ичинен 1400 ара төрөлгөн, 149 эгиз, төрт үч эм жана бир төрт эм төрөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий