• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Шайлдабекова: Бишкектеги кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) маалыматы жарыяланды. Ага ылайык, Биринчи май округу боюнча Эльвира Сурабалдиева — 46,09%, Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,28% алдыга чыкты.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.

Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адамды түзөт.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого БШК тарабынан 52 талапкер катталып, бирок Биринчи май округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий