• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 34кө жетти. Алар кимдер?

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 13-ноябрга карата алдыдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган 34 жаран документ тапшырган.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн БШКга төмөнкү жарандар өз талапкерлигин көрсөтүшкөн:

- Асанов Курсан Сатарович, 1966-жылы 31-августта төрөлгөн, убактылуу иштебейт (ИИМ башчысынын мурдагы орун басары).

- Бакир уулу Турсунбай, 1958-жылы 17-мартта төрөлгөн.

- Кайыпов Марат Таштанович, 1960-жылы 10-декабрда төрөлгөн, убактылуу иштебейт.

- Исмаилова Карагач Жумаевна, 1968-жылы 12-мартта төрөлгөн, №44 мектепте мугалим.

- Жумабеков Турсунбек Төлөнбекович, 1976-жылы 20-октябрда төрөлгөн.

- Токтогулов Ербол Бекинович, 1983-жылы 11-февралда төрөлгөн, эч жерде иштебейт.

- Ташов Имамидин Асамидинович, 1983-жылы 2-августта төрөлгөн, «KG Group» курулуш компаниясынын башкы директору.

Буга чейин БШКга арыз тапшырган талапкерлер:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
  8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  11. Кубан Чороев — экономист;
  12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
  13. Назарбек Нышанов — активист;
  14. Нурлан Мотуев — активист;
  15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  17. Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  22. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  23. Арсланбек Малиев Касымакунович - Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  25. Бакыт Романов - убактылуу иштебейт;
  26. Куттуумидин Базаркулов - «Дербиш фондунун директору»;
  27. Анар Зарипова - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы.

Пикир

Оставить комментарий