• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Шайлоо-2020. 32 миң 580 кыргызстандык чет жерден добуш берет

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20./Кабар/. Чет жердеги шайлоочулардын саны 32 миң 580ди түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, учурда чет жерлерде 45 шайлоо тилкеси түзүлдү.

"Алдын ала түзүлгөн тизмеге караганда шайлоочулардын саны өстү. Тизмеге дагы 13 миң 321 жаран киргизилди. Шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинде Москва шаарында көп арыз келип түштү. Ага байланыштуу дагы бир шайлоо тилкесин ачууну чечтик. Ошентип учурда чет жерлерде 45 шайлоо тилкеси ачылды", - деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болуп өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий