• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Шакиев КР желегинин авторлору менен символго өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, КР мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

парламенттен билдиришкендей, жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирди.

“Мамлекеттик туу биздин башкы символдорубуздун бири. Эл аралык ар кандай иш чараларда кыргыз мамлекетинин эн белгиси катары көрсөтүлүп, улутубуздун намысын коргогон уул-кыздарыбыз да ушул тууну көтөрүп чыгат. Андыктан, ага аяр мамиле кылып, түрдүү интерпретациялоого жол бербешибиз керек”, – деген Төрага туунун элементтерин тактоодо анын авторлорунун жана кабыл алган инсандардын пикири өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Ал эми мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов эгемен мамлекетибиздин туусун кабыл алуу учурундагы жагдайларга токтолду.

"700дөн ашуун сунуштар келип түшкөн. Алардын ичинен 100дөн ашууну кароого киргизилген. Аягында мамлекетибиздин түндүгү көтөрүлүп, түптөлүп жаткандыгынын далили катары түндүктү жана күн нурунун элементтерин камтыган туунун варианты жактырылды. Бирок, азыркы күнгө чейин баштапкы варианты түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, ар кандай жасалып келгенин көрүп жүрөбүз. Андыктан, баштапты концепциясын так сактоо менен айрым бир элементтерине тактоо киргизүү маселесин авторлорунун катышуусунда кайрадан карап чыгышыбыз керек", – деди.

Өз кезегинде мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтты.

“Баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмеспиз. Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз зарыл. Айрыкча туунун ар бир элементинин так сакталышын көзөмөлдөөбүз кажет”, – деди ал.

Жолугушуу соңунда Медеткан Шеримкулов, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришти.

Төрага Нурланбек Шакиев негизги концепциядан алыстабай, түзөтүүлөрдү камтыган туунун вариантын кабыл алууда авторлорунун жана коомчулуктун пикири сөзсүз эске алынарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий