• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Шакиев Кытай - Шанхай кызматташтык уюмунун көргөзмө борборуна барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Циндао шаарындагы Кытай - Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык соода-экономикалык кызматташтыгынын көргөзмө борборуна барды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Алсак, Циндао шаары географиялык жактан алганда деңиз жээгинде жайгашып, суу аркылуу жүк ташууга ыңгайлуу порттору менен да белгилүү. Андыктан, аталган шаарда 2019-жылы ишин баштаган борбор Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ичинде гана эмес, башка мамлекеттерге карата да соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Учурда борбордо Кыргызстанга таандык павильон да жигердүү иштеп, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, айрыкча инвестиция тартуу багытында иш жүргүзүүдө. Натыйжада Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү эселеп жогорулап, айрыкча Циндао шаары менен жүргүзүлгөн алакалар акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Былтыр эле көргөзмө борбордун көмөгү менен кыргызстандык ишкерлер чет өлкөлүк инвесторлор менен 40тан ашуун келишимге кол коюп, ири инвестициялык долбоорлор ишин баштаган. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы борбор тыгыз иш алып барып келет. Муну менен катар соңку жылдаргы Кыргызстанга Циндао шаары жайгашкан Шаньдун провинциясынан заманбап тиричилик техникалары, жүргүнчү ташуучу көп орундуу коомдук унаалар арбын ташылууда.

Нурланбек Шакиев Кытай - Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык соода-экономикалык кызматташтыгынын көргөзмө борборунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарыл экенин белгилеп: “Мамлекеттер аралык соода байланышы өнүксө, өлкөбүздүн да экономикасы алдыга жылат. Андыктан, түзүлгөн соода-логистикалык шарттарды жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, чөлкөмдөгү мамлекеттер менен гана эмес, алыскы өлкөлөр менен да кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Кытайда расмий сапар менен жүрөт. Делегация курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.

Пикир

Оставить комментарий