Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшөт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.
Маалыматка ылайык, көрүү аралыгы 500-200 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу шаардыктарды жана айдоочуларды этият болууга чакырууда.
Пикир
Оставить комментарий