• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарында азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөө үчүн жарманке уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев онлайн жыйында азык-түлүктүн бааларын көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзүү боюнча бардык райондордун акимдерине жана шаар мэрине тапшырмаларды берди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, айрым соода түйүндөрү бааны көтөрүү максатында ун, май, шекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөрдү сатыкка чыгарбай кармап отурушканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирип, бул маселени чечүү максатында дүң соода кылгандар менен сүйлөшүп, жер-жерлерде дүң баада азык-түлүк жарманкелерин уюштурууну тез арада колго алуу жагын милдеттендирди.

"Маалымат үчүн айта кетсек, азык-түлүк кору жетиштүү. Кооптонууга негиз жок. Мамлекеттик резервден гуманитардык жардамдар райондорго жеткириле баштады", - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий