• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда кар жаап, суук болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

8-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10...-15°, күндүз 4...-9°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6...-11°, күндүз -1...-6°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12...-17°, күндүз -2...-7°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18...-23°, күндүз -6...-11,
  • Тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13...-18°, күндүз -5...-10°,
  • Тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27° градус суук, күндүз -13...-18°,
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30...-35°, күндүз -14...-19.

Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий