• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Пакистандын Исламабад шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйыны өттү.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;

- ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жолугушуулар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

- Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун 2023-жылга каржылык отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2025-жылга бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун Катчылыгынын штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда “Жаңы экономикалык диалогду” өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

-2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Пикир

Оставить комментарий