• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

ШКУнун башкы катчысы Ульяновсктагы кырсыкка байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты. Бул тууралуу ШКУнун расмий сайтында маалымдалат.

"Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары 23-августта ШКУ имаратынын алдындагы мүчө-мамлекеттердин туулары ылдый түшүрүлдү. Кыргыз элинин кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан бүгүн автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий