Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бизнес-коомчулугу менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу тартибин жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган жолугушууга 130дан ашык тигүү жана текстиль өндүрүшүнүн, жеңил өнөр жайынын, фармацевтика тармагынын, транспорттук компаниялардын, импорттоочулардын, банк секторунун жана башка тармактардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда жыйындын катышуучулары экономиканын ар кыл тармактарынын алдында турган актуалдуу маселелерди жана чакырыктарды талкуулашты. Каралган маселелердин катарында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды колдонуудагы кыйынчылыктар, ошондой эле салык мыйзамдарындагы, салык жеңилдиктериндеги кемчиликтер жана салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарылдыгы белгиленди.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, Салык кызматы салык жүгүнүн көбөйүшүнүн жана жол-жоболордун татаалдашынын коррупциянын көбөйүшү, көмүскө экономиканын өсүшү жана ишканалардын банкрот болушу сыяктуу терс кесепеттерин түшүнөрүн баса белгиледи.
"Салык базасынын абалы – бул экономиканын абалынын күзгүсү. Мамлекет салык төлөөчүлөрдүн салык потенциалын жана төлөө жөндөмдүүлүгүн объективдүү баалоо зарыл. Бул маселеде биринчи кезекте саясий акыл үстөмдүк кылышы керек", - деп кошумчалады А.Шыкмаматов.
Салык кызматынын башчысы бизнес-коомчулугу менен туруктуу диалогду түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, сапаттуу аянтчалар салык саясатынын чөйрөсүндө маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болгон натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн платформа болушу керек. Салык кызматынын төрагасынын пикири боюнча, мындай мамиле демократиялаштыруунун куралы болуп калат жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жакшыртууга, ошондой эле калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
"Президенттин тапшырмасы боюнча ЭТТК системасын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Учурда ал ири бизнестин беш категориясы, анын ичинде акциздик товарлар менен иштеген салык төлөөчүлөр, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү бойдон калууда", – деп билдирди Шыкмаматов.
Ал белгилегендей, ири ишкерлер ЭТТКны колдонууга оң баа беришет, анткени система ички коррупция менен күрөшүүгө өбөлгө түзөт. "Чакан жана орто бизнес үчүн алардын өзгөчөлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске ала турган альтернативдүү механизм иштелип чыгууда. Биз программаны салык төлөөчүлөр үчүн максималдуу ыңгайлуу болушу үчүн аны өркүндөтүүнү улантабыз", – деп баса белгиледи Салык кызматынын башчысы.
Сөзүн аяктап жатып, Салык кыззматынын төрагасы мамлекет менен бизнестин биргелешкен аракеттери адилеттүү жана натыйжалуу салык системасын түзүүгө алып келет, ал туруктуу экономикалык өсүштүн жана элдин бакубаттуулугун жогорулатуунун пайдубалы болот деген ишенимин билдирди.
Пикир
Оставить комментарий