• 87
  • 89.63
  • 0.85

Техникалар жаңыланып, иштөөгө ыңгайлуу  шарттар түзүлүүдө – "Бишкекжарыктын" айдоочусу

Коом 0


Бишкек, 06.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы 30, 40 жыл болгон эски техникалар менен иштеп келсе, эми жаңы техникалар менен толукталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган ишкананын айдоочусу Жусуп Жеенбаев билдирди.

Анын айтымында, эскилиги жеткен унаалар күнүгө бузулуп, аны оңдоого эле көп убакыт короп келген.

“Бишкекжарык” ишканасында иштегениме 30 жылдын жүзү болду. Буга чейин электриктер союз мезгилинен бери келе жаткан "ГАЗ-53" үлгүсүндөгү унаалар менен иштеп келишкен. Ал унаанын ичине эки гана киши батат, калганы кышкы суукта жүк ташуучу бөлүгүнө отурууга аргасыз болушкан. Эми техникалар жаңыланып, иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө”, - деди Жусуп Жээнбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын автопаркына жогорку кубаттуу, ыңгайлуу кош кабина жана 23 метрге чейин бийиктикке кран көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ 6 заманбап аба автомунара алынып келинген.

Пикир

Оставить комментарий