• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Сокулук районунда ишкерлердин укугун коргоо боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда ишкерлердин укугун коргоо боюнча жыйын өттү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйынга Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын, салык кызматынын, РИИБнин өкүлдөрү жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Маалыматта айтылганда, жыйында ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болгон инвестиция тартуу менен ишкердикти өнүктүрүү чаралары талкууга алынып, прокуратура органдарынын бул багытта аткарып жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан сырткары, ишкердик субъектерине карата текшерүүлөрдүн түрлөрү жана аларды жүргүзүүнүн мыйзамдуу жолдору тууралуу түшүндүрмө берилип, текшерүүлөрдү каттоонун зарылдыгы айтылды. Ошондой эле прокуратура тарабынан иштелип чыккан "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси тууралуу видео-презентация көрсөтүлүп, ишкерлерге анын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү. Бул тиркеме аркылуу ишкерлер текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөп, укук коргоо органдарына даттанууларды жөнөтө алышары айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң салым кошуп жатканы, бул тармакты колдоо үчүн бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандыгы айтылды. Ошондой эле, мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотуу жана ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарылдыгы белгиленди. Иш-чаранын жыйынтыгында, катышуучулар ишкерлердин укуктарын коргоо жаатындагы иштерге ыраазычылык айтып, мындан ары тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий