• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сокулук районунда Кесиптик багыт берүү борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Сокулук районундаКесиптик багыт берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борборду ачуу иш-чарасына эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн жамааты катышты.

“Кесип тандоо - ар бир адамдын жашоосунда белгилүү бир этапта пайда болгон маанилүү, жооптуу маселе. Кээде өспүрүм үчүн гана эмес, чоңдор үчүн да ага жооп берүү оңой эмес. Адамдын жашоосу дагы кесиптин канчалык туура тандалганына жараша болот. Ошол себептен жаңы кесипке багыт берүү борборунун адистери чечиш керек болгон негизги милдет – адамдын кесипти аң-сезимдүү тандоосуна жардам берүү.

Борбордо көрсөтүлгөн кызматтар кайрылган жарандарыбыздын арасында чоң кызыгууну, мотивацияны жана кесипти туура тандоолоруна өбөлгө болот деп үмүттөнөбүз. Анткени кесипти туура тандоо – ийгиликтин башаты”, – деди Полотова.

Мындан тышкары, Жылдыз Полотова борбордун ачылышынын жүрүшүндө Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жайгашкан жаңы имаратында кызматкерлер менен жолугушуп, Министрликтин багыттары боюнча келип түшкөн сунуштарды чогуу талкуулады.

Ошондой эле министрдин орун басары башкармалыктын аракеттери жөнүндө айтып, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун ыраазычылык катын, "Адам эмгеги менен таанылат” аттуу айкелин жана мыкты кызматкерлерге министрликтин “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгисин тапшырды.

Борбордо мектеп бүтүрүүчүлөрүнө, жумуш издеп жаткан жаштарга натыйжалуу жумушка орношуу боюнча тренингдер, мастер-класстар жана иш берүүчүлөр, карьералык өсүшкө жетишкен белгилүү спикерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, ошондой эле жарандарга кесиптик билим алууда, кесип тандоодо, жумушка орношууда тиешелүү кызматтар көрсөтүлөт. Андана тышкары, талап кылынган кесиптерди жана адистиктерди жайылтуу боюнча ишканалар менен өз ара аракеттенүүлөр жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий