Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дан тегирмени мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекетке алынган дан тегирменинин сметалык баасы 331 млн 391 миң сомду, ал эми жеринин аянты 2,4 гектарды түзөт.
Белгилей кетсек, дан тегирмени – фермердик жана үй-бүлөлүк чарбалар, элеваторлор, айыл чарба ишканалары жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн дан өсүмдүктөрүн тазалоо, кургатуу, ташуу жана сактоого багытталган оруп-жыйноодон кийин иштетүү үчүн механикалаштырылган машиналардын, жабдуулардын жана курулмалардын комплекси бар аянтча болуп саналат.
Белгилүү болгондой, "Колос" дыйкан чарбасынын төрагасы Ш.А.Ф. 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алган.
Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.
Пикир
Оставить комментарий