• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Сокулукта борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна старт берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагнасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Сокулук айылындагы борбордук стадиондун курулушуна старт берди.

Капсула салуу аземинде УКМК башчысы бул жерде футбол стадиону гана эмес, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашарын белгиледи. Буга байланыштуу Камчыбек Ташиев Мамкурулушка Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте тийиштүү долбоорду даярдоону тапшырды, ошондой эле долбоор өз убагында каржылана тургандыгы белгиленди.

Ошондой элеУКМК башчысы өлкө боюнча спорттук объектилерди куруу, реконструкциялоо иштери жүрүп жатканын айтып, жакынкы келечекте эл аралык деңгээлдеги мелдештер өткөрүлөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев өлкөдө мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча иштер уланып, мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилер мамлекеттин балансына кайтарылып жатканын, ошондой эле мурда өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен жаратылыш байлыктары тыкыр көзөмөлгө алынганын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Камчыбек Ташиев жаш спортчуларга спортто, окууда чоң жетишкендиктерди каалап, мындан ары да өлкөнүн келечек муундарынын ден соолугу үчүн мамлекет тарабынан спортчуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий