Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Сокулук районунда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, апрель айынын башында Сокулук райондук милициясына бир нече жаран Сонбүбү аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал WhatsApp аркылуу «Алмаз-Авто», «Алмаз», «Азык-түлүк» аттуу топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтышкан.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде (Финансы пирамидаларын уюштуруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кылмышка шектелип 1971-жылы туулган А.К. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
“Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, аял WhatsApp аркылуу топторду түзүп, адамдарды тартып, алардан акча алып жүргөн. Ошол эле учурда ал бул топторго катталып, акча төлөгөн жарандар артынан дагы адам алып келсе ошого жараша 1200 АКШ долларына чейин акча алышарын билдирген”, - деп белгилешти милициядан.
Бул иш боюнча бүгүнкү күндө ички иштер органдарына 13 жаран кайрылган.
"Буга байланыштуу Сокулук районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмү 0312 60 75 67, 03134 5 33 80, 0509 0980 08, 0704 04 40 15, 102”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий