Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бүгүн Сокулук районунда "Кыргызмамасылтукумзавод" мамлекеттик ишканасынын базасында мамлекеттик машина-трактордук станция (МТС) ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган ишкана Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине караштуу.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жана министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты.
Мамлекеттик машина-трактордук станциянын ачылышы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине байланыштуу жана 100 ири объектини ачуу алкагында ишке ашты.
"Кыргызмамасылтукумзавод" мамлекеттик ишканасы өзүнүн машина-трактордук паркын толуктоо үчүн "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААКтан лизинг келишиминин негизинде жалпы суммасы 45 млн сомго Кытайдан жасалып чыгарылган SINOMACH үлгүсүндөгү 9 даана тракторун жана 36 даана айыл машиналарын сатып алган.
Пикир
Оставить комментарий