• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Сокулукта меш жарылып кетип, 22 жаштагы кыз жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда меш жарылып кетип, бир кыз жабыркады,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Романов айылындагы Москва көчөсүндө жеке үйдө меш жарылып кеткен. Натыйжада, 1996-жылы туулган Ж.к. Анаранын 65% денеси күйүк алган.

Кызды оор абалда Сокулук райондук ооруканасына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий