• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Алтынай Болот кызы изделүүдө. Бул тууралуу анын апасы Назгүл Тилекова билдирди.

Анын айтымында, 19-февралда болжол менен саат 12:00дө кызы ага акыркы жолу телефон чалган.

"Кызымдын мектептен чыгып кеткендигин көрүшкөн, андан башка маалымат жок. Ал Арча-Бешик жаңы конушундагы мектепте 10-класста окуйт. Биз Ленин райондук ИИБне арыз менен кайрылдык", - деп билдирди кыздын апасы.

Белгилери: бою 168 см, чачы ачык күрөң түстө, ийининен ылдый, көзү күрөң.

Кийимдери: кара күрмө, ак баш кийим, кара түстөгү шым, бут кийими кара түстө болгон.

Алтынай Болот кызынын кайда жүргөндүгүн билгендер болсо,төмөнкү телефон аркылуу чалып, кабарлап коюңуздар: 0(709) 334-749.

Пикир

Оставить комментарий