Сокулукта социалдык үйлөр курулуп, 12 үй-бүлө турак жайлуу болду

Коом 0

Бишкек, 21.10.23. /Кабар/. ​​​​Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндө жаӊы социалдык үйлөр курулуп, 12 үй-бүлөгө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Жалын Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, социалдык үйлөр Алтын-Ордо жаӊы конушунун Гоголь көчөсүндө жайгашкан.

Социалдык үйлөр "Ас-сафа" борбордук коомдук бирикмесинин демѳѳрчүлүгү менен курулуп, көп балалуу жесир калган аялдар, аз камсыз болгон 12 үй-бүлөгө берилди. Анда үй тричилик техникалары, эмеректер менен камсыздалган.

Социалдык үйлөрдүн ачылышы кечээ, 20-октябрда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана жашоочулардын катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий