• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Сокулукта уурулукка шектелген үч бала кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда уурулукка шеклетип үч жигит кармалган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Военно-Антоновка айылынын тургуну милицияга кайрылып, анын уюлдук телефонун уурдап качып кеткендер тууралуу арыз жазган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү делип 26 жаштагы Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун тургундары кармалган.

Кармалгандардын экөө райондук убактылуу кармоо абагына жайгаштырылган, үчүнчүсү ден соолугуна байланыштуу шаардык ооруканалардын биринде дарыланууда. Анын баш корго чарасы ооруканадан чыкканда каралат.

Андан тышкары уурдалган телефон кармалгандардын бирөөсүнүн аялына берилип, андан кийин башка адамга берилгендиги аныкталган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий