• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Сокулукта заманбап үлгүдөгү 500 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Сокулук районунун Манас айылындагы мектептин кошумча корпусунун курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 97 млн сомдон ашык каражатты түзгөн.

Жаңы мектептин жалпы аянты 3003 чарчы метрди түзүп, 500 окуучуга ылайыкталган. Долбоор боюнча 5 блоктон турган эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы менен курулду.

Ошондой эле негизги окуу класстардан тышкары лабораториялык класстар, дарыгердин кабинети, тиш доктурдун кабинети, кулинардык кабинет, кездемелерди иштеп чыгуу кабинети, актовый зал, китепкана, окуу залы электрондук китепканасы, радио түйүнү (радиоузел), ашкана каралган.

Мектептин курулушун толук бүткөрүү үстүбүздөгү жылга пландалган.

Пикир

Оставить комментарий