Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, мындай чара Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында көрүлүүдө.
""Сосновка" постунда саат 12:50дөн тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий