Бишкек, 09.11.24. /Кабар/. Оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө Жайыл районундагы Сосновка постунда бүгүн саат 08:00дө, Токтогул районундагы Арал постунда саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, ал эми Талас районунун Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 36-чакырымында киргизилген чектөө алына элек.
Белгилей кетсек, кечээ күнү унаа жол тайгак болуп жатканына байланыштуу Токтогул районундагы Арал, Жайыл районундагы Сосновка жана Талас районундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий