• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Баткенге жардам. Жалал-Абаддын тургуну 108 миң сомдук үйгө керектелүүчү буюм жөнөттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 73 жаштагы тургуну Салыибраим Ташбаев өз пенсиясынан жалпы суммасы 108 миң 500 сомду түзгөн килем, палас, жууркан-төшөктөрдү Баткен элине жардам иретинде жиберди.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, шаарда жаш-кары дебей бардык жарандар Баткен элине азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана акчалай жардамдарын жиберүүдө.

Пикир

Оставить комментарий