• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Майлуу-Сууда 9 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан кыз изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 9 жылдан бери дайынсыз жоголгон Алина Турганбаева изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2012-жылдын 13-апрелинде саат 21:00дөр чамасында Майлуу-Суу шаарынын Ленин көчөсүнүн 29 жаштагы Алина Турганбаева аттуу тургуну жашаган үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү арык чырай.

Кийген кийими: үстүндө кыска күрөң түстөгү булгаары куртка, көк түстөгү жинсы шым, бутунда кара түстөгү балетка.

“Дайынсыз болуп жаткан Алина Турганбаева тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, “102”, 03744 (5-06-33), 0755-66-62-88, 0771-04-00-96 номерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий