Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. "Сосновка" жана "Арал" постторундагы жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 16-февралда саат 18:30дан тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташуучу оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Бүгүн, 17-февралда саат 07:00дө "Сосновка" жана "Арал" постторунда коюлган убактылуу чектөө алынды.
Пикир
Оставить комментарий