Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. 2018-жылда камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу былтыркы жылга салыштырмалуу 106,6%га өскөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала жыйынтыктарга караганда, 2018-жылда камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу боюнча 30, 647, 2 млн. сом түшкөн.
"Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төлөм чогултуу 106,6%ы түзгөн же 1907,6 млн. сомго көп", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий