• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Социалдык фонд делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Социалдык фонд делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда. Бул тууралуу фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жарандардан пенсиялардын өлчөмүнүн көбөйүшү боюнча суроолор түшүп жатат.

"Баатыр энелерге берилген жөлөк пулдун өлчөмүнүн жогорулатылышы боюнча да кайрылуулар келүүдө. Бул маселе республикалык бюджеттен каржылана турган каражат болгондуктан, Каржы министрлиги аркылуу чечиле тургандыгын айтып түшүндүрмө берилип жатат. Кагаз түрүндө түшкөн кайрылуулар боюнча кийинки аптадан баштап иш алып барабыз. Социалдык фонддун колл-борбору жана ишеним телефондору иштегендиктен, чалууларга күн сайын жооп берилет. Ошондуктан курултайда өтө көп кайрылуулар түшкөн жок", - деди ал.

Ошондой эле Жеңишбек Мукамбетов азыркы күндө пенсиялык фонддун бюджети бекитилгенин, январь айынын пенсиясы 10-январдан тартып төлөп берилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий