• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Социалдык коргоо департаментине жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Алапаева Нуржан Мусаевна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине жаңы директору болуп дайындалды.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты А.А. Балбаков ээлеп келген, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Ал эми Нурэан Алапаева буга чейин Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий