• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Соцконтракт. Назгүл Нааматбекова үйүнүн короосуна унаа оңдоочу жай ачты

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшан Сабиров аз камсыз болгон жарандарды мамлекеттик колдоонун алкагында ишке ашырылып жаткан "Социалдык контракт" программасынын катышуучуларына барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр программанын катышуучулары ишке ашырып жаткан ийгиликтүү долбоорлор менен таанышты.

Равшан Сабиров жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча программанын зор маанисин жана аны ишке ашырууну мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

“Социалдык контракт жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө гана эмес, калктын экономикалык активдүүлүгүнө да өбөлгө түзөт. Биз бул колдоонун аркасында жарандар туруктуу киреше булактарын түзүп жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан реалдуу мисалдарды көрүп жатабыз”,-деп белгиледи министр.

Ошондой эле долбоордун катышуучулары менен маектешип, алар өз тажрыйбалары жана ийгиликтери жөнүндө айтып беришти.

Долбоордун катышуучусу Назгүл Нааматбекова түшкөн каражатка унаа оңдоого керектүү жабдыктарды (ширетүү, компрессор, болгарка, орбиталка, автомобилдерди оңдоо үчүн ачкычтар топтому) үйүнүн короосуна унаа оңдоочу жай ачып, учурда үйдөн унааларды оңдоп, ийгиликтүү иштеп жатканын айтты. Анын кирешеси 40 миң сомду түзөт.

Ал эми Келдибек Каныбековдун үй-бүлөсү тигүү өндүрүшүнөн киреше алып жатканын айтышты. Муну менен алар жубайы экөө кошумча 8 жумуш ордун түзө алышты.

“Социалдык контракт программасы айыл чарбасын жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдөн баштап, чакан ишканаларды түзүүгө чейин кеңири чөйрөнү камтыйт. Программа ишке ашырыла баштагандан бери республика боюнча 35 миңден ашык жаран аны пайдаланды, анын ичинен Бишкек шаары боюнча 597 үй-бүлөгө берилгенин”, — белгиледи министр.

Белгилей кетсек, Социалдык контракт программасы калктын бакубаттуулугун жогорулатууга жана региондорду өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү социалдык колдоонун маанилүү куралы катары өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий