Соттун чечимине эч кандай тиешем жок. Президент Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар тууралуу пикирин билдирди

Президент 0

Күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып келе жаткан активист жана саясатчыларды актап, эркиндикке чыгарды. Коомчулук мындай чечимди президенттин айкөлдүгү катары сыпаттап жатышат. "Кабар" агенттиги өлкө башчысына кайрылып, соттун чечими боюнча кандай пикирде экендиги тууралуу суроо узатты.

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич? Райондук сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баарына карата актаган чечим чыгарды. Камактагылардын бардыгы бошотулду. Бул сот ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткандар дагы, аларды колдогон активисттер дагы адилеттүү чечим болгонун айтып, сизге ыраазычылык билдиришүүдө. Соттун чечимине сиздин кандайдыр бир тиешеңиз барбы?

Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам го. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Ал мыйзамдуубу же жокпу аны сындаганга да акыбыз жок. Сот кандай чечим чыгарбасын, ал туурабы же туура эмеспи, макул болушубуз керек.

Соттун чечимине кандай комментарий берет элеңиз?

Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация.

Себеби булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү.

Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка.

Илгеркидей кыйкырчаактарды, жарма патриотторду ээрчип кетпейт. Эл өздөрү талдаганды, өздөрү ой жүгүрткөндү үйрөндү. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр 3 адам бизден, 3 адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Бирге башкарып жатабыз. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот.

Эми мындан ары ушундай туура чечүүгө багытталып жаткан маселелерди бурмалап, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырам дегендерге жол берилбеши керек.

Мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жаткан маселеде эч нерсеге карабай алдыга жыла беребиз.

Ыракмат пикириңизге.

Силерге да ыракмат.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий