• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент А.Атамбаев: “Бишкек - элибиздин бай салттары менен көөнөрбөс мурасынын чордону”

Президент 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев шаардыктарды Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөдө Президенттин куттуктоосунун толук тексти берилет:

«Урматтуу борбор шаардын тургундары жана меймандары!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бишкек - элибиздин бай салттары менен көөнөрбөс мурасынын чордону, ордо калаабыз. Мекенибиздин экономикалык, саясий, маданий борбору катары Бишкектин өзгөчө орду бар.

Бишкек жылдан жылга кеңейип, жакшырып, жаңыланууда. Бийик жана кооз имараттар курулуп, улам заманбап келбети менен жүзү калыптанып келатат. Соӊку жылдары Бишкектин бир катар проблемаларын чечтик. Бактар, парктар, гүлзарлар жана башка эс алып, сейилдей турган жайлардын пайда болуп жатканы кубандырбай койбойт. Автожолдорду жаңылоо боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып, жашылдандыруу, жарыктандыруу жагынан да жылыштар болууда. Борборубузга бир кездеги “жашыл шаар” деген аты кайтып келатат. Ошону менен катар шаардыктардын жана келген коноктордун коопсуздугун бекемдөө боюнча бир катар проблемалар бар экенин мойнубузга алабыз.

Урматтуу шаардыктар!

Өлкөбүз жаңылануу жана өнүгүү жолуна түштү. Алдыбызга чоң максаттарды коюп жатабыз. Бул максаттарга жетүүдө Бишкек сап башында болууга тийиш. Шаардын тазалыгына, жайлуу болушуна, коопсуздугуна жана жүрүм-турум маданиятына ар бир бишкектик жоопкер. Ушул жоопкерчиликти күнүмдүк жашообузда сезе жүрсөк, бүт өлкөгө жакшы үлгү беребиз.

Кадырман бишкектиктер!

Бишкек өзүнүн кайталангыс келбети менен ажарын дүйнөлүк алдыӊкы тажрыйбаларга айкаштыруу аркылуу заманбап борбор боло алат. Жыл сайын көркүнө көрк кошулуп, мындан да кооз боло берсин.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!

Асманыбыз ачык, жашообуз жайлуу болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти Алмазбек Атамбаев».

Пикир

Оставить комментарий