• 87
  • 90.63
  • 0.79

Стамбулда өткөн көргөзмөдө Кыргызстан атамекендик продукцияларын тартуулады

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. X Дүйнөлүк халал саммити Түркиянын Стамбул шаарында 27-30-ноябрь күндөрү “Халалда ийгиликтүү декада: келечекти бирдиктүү көз караш менен калыптандыруу” аталышында өттү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Саммит Ислам Кызматташтык Уюму, Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту, Ислам сооданы өнүктүрүү борбору тарабынан Түркиянын президентинин алдындагы жана түркиялык “Discover Events” компаниясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында "Халал Экспо 2024" көргөзмөсү уюштурулду, ал эл аралык азык-түлүк соодасынын эң ири аянтчасы болуп саналат, халал секторунун өкүлдөрүнө өз кызматтарын жана продукцияларын илгерилетүү, ошондой эле сооданын көлөмүн көбөйтүү жана инвестиция тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Аны менен катар Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мекемесинин өкүлү халал индустриясын өнүктүрүүдө мамилелерди чыңдоо максатында башка өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр жана экспоненттер менен жолугушууларды өткөрдү.

Көргөзмөдө Кыргызстан атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын тартуулады.

"Бул иш-чарага катышуунун максаты Ислам Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана экспорттоо жана кайра иштетүү үчүн шарттарды түзүү болду. Эл аралык стандарттарга жана халал продукцияга коюлган талаптарга ылайык, ички жана тышкы рынокто өнөр жай продукцияларын сатуу», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий