• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Султанбаев: Коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров президенттин тууганы экени анык

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров (президенттин атасынын бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президент Садыр Жапаровдун тууганы экени анык. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 32 жаштагы Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.

"Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы", - деди Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий