• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Суусамыр өрөөнүндөгү Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пункт ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Суусамыр өрөөнүндөгү Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пункт ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган жайга барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, бийик тоолуу шартта Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун колдоосу менен 3 тонналык муздаткыч танкер жана 2 тонналык сүт ташуучу цистерна орнотулуп, сүт өндүрүүчүлөр жамааты түзүлдү.

"Малчыларыбыз жай мезгилинде уйларын алыскы жайлоолордо багып, сүттү чогултуп, аны Талас шаарына чейин 120 чакырымдан алыс аралыкка ташып баруу сүттүн сапатын төмөндөтүп, өндүрүүчүлөрдүн кирешесин азайтып келген. Эми муздаткыч танкер жана сүттү сактоо жана ташуу үчүн цистерналар малчыларыбыздын түйшүгүн кыйла жеңилдетет", - деп белгиледи.

Андан соң министр Талас шаарындагы "Талас сүт" сүт ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анын алкагында министр Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор аркылуу берилген жардамдардын натыйжалуулугун көрүп, аларды мындан ары өркүндөтүү боюнча мүмкүн болгон ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөрүн билдирди.

Анда "Талас сүт" ишканасы заман талабына ылайык реконструкциялоо жана модернизациялоого муктаж экени айтылды. Ишкананын жайкы сезондо суткалык кубаттуулугу 30-40 тоннаны түзөт. Адистердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын саны 70 ке жакын. Учурдагы болгон өндүрүш кубаттуулугу 60%га араң жетет.

Сүт продукциясынын (каймак май жана кургак сүт) 80-85% облустун жана Бишкек шаарынын ички рыногун камтыса, калган 15-20% Россия, Казакстанга экспортко жөнөтүлөт. Сүт тапшыруучулардын жалпы саны 1500 дөн ашуун фермерлерди түзөт жана сүт чогултуу облустун 40 айылынан жүргүзүлөт, ошондой эле сүт чогултуучу 3 стационардык пункту бар.

Пикир

Оставить комментарий