• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Суусамыр суусунан 43 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Суусамыр суусунан 43 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жайыл районунда 21-июль күнү алдын ала маалымат боюнча, Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр суусуна балык уулоого чыккан 1981-жылы туулган С.М. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 22-июль күнү издөө иштерин улантууга ӨКМден 9 куткаруучу жана 5 суучул бир дрон издөө иштерине чыгышкан.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 13:30 чамасында аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий