Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан “Кенжетай-1” бала бакчасында орун алган окуя боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аталган окуянын чоо жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө иштери башталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакча кызматкерлерине мыйзам чегиндеги чаралар көрүлмөкчү.
Белгилей кетсек, күн мурун социалдык тармактарда Сузак районундагы бакчалардын биринде тарбиячы балдарды сабап жаткан видео тараган.
Билим берүү министрлиги Сузак районундагы бала бакчада болгон окуя териштирилип, тиешелүү кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөрүн билдирген.
Пикир
Оставить комментарий