• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенге канча көлөмдөгү азык-түлүк келип түшкөн? Жооп

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров брифинг учурунда Баткенге канча көлөмдөгү азык-түлүк келип түшкөнүн айтты.

Анын айтымында, жүктөр Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кампасында кабыл алынып, облустук комиссиянын кароосу менен даректүү бөлүнүп жатат.

“Саат 19:00гө карата 11 миң 220 литр таза суу, 9,5 тонна ун, 1 миң 640 кг кумшекер, 20 миң кг картошка, 5 миң 370 кг күрүч, гречка, 8,5 миң литр өсүмдүк майы, 11 миң 132 кг макарон, 4 миң 240 кг сабиз, пияз бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий