Сузакта болгон окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча комиссиянын иши аягына чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чарасы учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда бул иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

Атап айтканда, облустук, ошондой эле райондук ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тийиштүү мамиле жасалбагандыгына жол берилген. Муну менен катар билим берүү мекемелеринин жооптуу адамдары райондук жана облустук администрациялар менен өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү да аныкталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери “Урааным Манас” сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эмес сыяктуу айрым фактылар белгиленген.

Иш-чараны уюштуруу маселелери 1-майдан 5-майга чейинки күндөр расмий эс алуу күндөрү болгону үчүн татаалдашкан. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди үстүртөн - телефон аркылуу тараткан.

Иш-чарага райондогу 2878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эки гана жол коопсуздугун камсыздоо инспектору тартылган.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.

Бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий