Сузакта мунай жана газ багытында чалгындоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Сузак районунун Жашасын айылындагы "Междуреченский" кени жайгашкан жердин өнөр жайлык маанисин толук аныктоо үчүн аймактын геологиялык түзүлүшүн изилдөө иштери башталды. Бул тууралуу "Кыргызнефтегаз" ААКтан билдиришти.

2022-жылы жүргүзүлгөн сейсмикалык изилдөөнүн негизинде казылуучу чекити аныкталып, ишкана тереңдиги 3 миң метр бургулоо жумуштарын аткарууга даяр. Ошондой эле электр энергиясын тартуу жана атайын оор техникалар жүрүүчү жолдорду ачуу багытында жумуштар аткарылды.

Бургулоо жумуштарын баштоо аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана ардагерлер жамааты катышты.

Нишановдун айтымында, бургулоо жумуштары пландагыдай ишке ашып, биз күткөндөй мунай жана газ чыгып калса, Сузак районунун конуштарын жана Жалал-Абад шаарынын жашоочуларын жаратылыш газы менен камсыздоого жакшы мүнкүнчүлүк жаралат.

Облус башчысы Сыргабаев бургулоо курулмасы, жаңы алынган техникалар жана заманбап тетиктер, тийиштүү шаймандар менен таанышып чыкты.

"Учурда жүргүзүлүп жаткан бургулоо иштери чалгындоо багытында аткарылууда. Бургулоонун жүрүшүндө кенден сынамык алуу, курамын аныктоо, көлөмүн тактоо маселелери каралат. Азырынча кен боюнча боюнча так маалымат айтууга болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий