• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузак: Дагы бир күндүзгү стационар иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Кызыл-Сеңир айылындагы спорт залында күндүзгү стационардык бөлүм иштей баштады. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күндүзгү стационарды жергиликтүү ишкер Мухтар Зулпукаров ачкан. Үй-бүлөсү, туугандары менен биргеликте кырк орундуу жайды ачып, айылдаштарынын кызматына берди.

Бул жерде бир дарыгер, төрт медайым иштеп жатат. Жабдыктары, төшөнчү, керебеттердин бардыгы жаңы алынган. Төрт даана кычкылтек концентраторду коюлган.

Белгилей кетсек, ишкер менчик эки автоунаасын “тез жардам” кызматын аткарууга берген.

Пикир

Оставить комментарий