• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош шаарынын аймагында жергиликтүү курултай өткөрүүнүн орду жана убактысы

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Ош шаарында жергиликтүү жамааттын Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү убактысы жана жери белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ош шаардык Кеңешинин токтому менен муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүнүн бекитилген графигине ылайык өткөрүүнүн орду/жери жана убактысы такталды.

1. “Туран МАБда” 17-октябрь, саат 10:00 - Туран кичи району Королёв көчөсү, №41, Х.Абдуллаев атындагы мектебинин актовый залы.

2. “Сулайман-Тоо” МАБда 18-октябрь, саат 10:00 - Атабаев көчөсү, №9 Рудаки атындагы гимназия мектебинин актовый залы.

3. “Керме-Тоо” МАБда 19-октябрь, саат 10:00 - Т.Кулатов кичи району, №14 К.Алтыбаев атындагы мектебинин актовый залы.

4. “Манас-Ата” МАБда 20-октябрь, саат 10:00 - У.Салиева көчөсү 44 дареги, №38 Б.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин актовый залы.

5. “Амир-Тимур” МАБда 21-октябрь, саат 10:00 - Амир-Темир кичи району, Целинная көчөсү, №1 Федченко атындагы орто мектебинин актовый залы.

6. “Курманжан-Датка” МАБда 24-октябрь, саат 10:00 - А.Масалиев кең көчөсү 37, №18 А.Навои атындагы мектебинин актовый залы.

7. “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы 25-октябрь, саат 10:00 - Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маданият үйү. Дареги: Керме-Тоо айылы, Араван тракт 6 км.

Ош мэриясы жашоочуларды шаардын жергиликтүү жамаатынын жыйындарына/чогулуштарына жигердүү катышууга чакырат.

Белгиленгендей, курултайдын жалпы делегаттарынын саны 500 деп белгиленген. Жарандардын жыйындарында элдик курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугуна жергиликтүү жамааттардын бардык мүчөлөрү, уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана тийиштүү аймактын башка өкмөттүк эмес уюмдары ээ.

Пикир

Оставить комментарий